• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тосмо, чатыр, баннер. Бишкекте демонтаждоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарын уруксат берилбеген объектилерден “тазалоо” иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги уруксат берилбеген эки кабаттуу үйдүн айланасында жеңил конструкциядагы тосмолор демонтаждалды.

Ошондой эле Патрис Лумумба жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишинде тротуардын жээгинде жайгашкан 5 вулканизациялык капкактар алынды.

Мындан тышкары, Патрис Лумумба көчөсүн бойлой уруксат берүүчү документтери жок орнотулган жарнак баннерлер жана көрнөк-жарнактар алынды. Учурда 100дөн ашык жарнамалык баннер жана 6 көрнөк-жарнак алынды. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий