• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Уланбек Тотуяев Пакистандын ТИМ башчысынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кечээ, 30-ноябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамар Афтаб Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Тотуяев ушул жылдын 28-ноябрында өткөн КР Жогорку Кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Куреши ушул жылдын 17-декабрында Исламабадда Сауд Аравия Падышачылыгынын демилгеси менен Афганистандагы гуманитардык кризис темасына арналган Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз сессиясы өтөрүн билдирди.

Тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуу маселелерин, Афганистандын айланасындагы жана ичиндеги кырдаалды талкуулашты. Алар Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий