• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Товар алмашуу боюнча кыргыз жана өзбек тараптын маалыматтарынын ортосундагы айырма $145 млн түздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өткөн жылы Өзбекстан менен товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзгөнүн билдирди. Буга чейин Кыргызстандагы өзбек элчиси бул көрсөткүч 481 миллион долларга жеткенин айткан.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 158,5 миллион долларды, импорт 178 миллион долларды түзгөн. Ал эми сальдо (ортодогу айырма) 19,5 миллион доллар болгон.

Өзбек элчиси Комил Рашидовдун айтымында, Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 132,6 миллион долларды, импорт 348,2 миллион долларды жана сальдо 215,4 миллион долларды түзгөн.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен товар алмашуу көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү ниетин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий