• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясын кампага сактоону жүзөгө ашыруучу товардык кампалардын иштешинин укуктук жана уюштуруучулук шарттарын белгилөө, ошондой эле жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн жана кош кампа күбөлүктөрүн жана анын айрым бөлүктөрүн (кампа жана күрөө күбөлүктөрүн) чыгаруу (берүү), жүгүртүү, алмаштыруу жана жоюу учурунда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий