• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча Салык кызматынын "шыр байланыш" номерине чалууга болот

Коом 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Товарларды жана күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы боюнча Салык кызматынын "шыр байланыш" номерине чалууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча жарандардын кайрылууларын жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн "шыр байланыш" номери иштеп жаткандыгын эскертет. Шыр байланыш ушул жылдын май айынан тартып иштөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Жарандар (0312)61-31-89 номери боюнча ишеним телефонуна же WhatsApp боюнча (0779) 61-31-89 уюлдук номерине кайрыла алышат.

WhatsApp боюнча жарандар КР мамлекеттик кыргыз-казак чек ара тилкеси аркылуу товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөрүүдө мыйзам бузуу фактылары боюнча билдирүү калтыра алышат. Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат.

Салык кызматынын жумуш убактысынын бекитилген графигине ылайык кезмет кызматкерлери арыз ээлеринин кайрылууларын саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин (саат 12.30дан 13.30га чейин түшкү тыныгуу) кабыл алат. Жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрү "шыр байланыш" телефону боюнча чалууларды жаздыруу "автожоопбергичтин" жардамы менен ишке ашырылат.

Салык төлөөчүлөр, салык салуу жана салык кызматынын ишиндеги башка бардык маселелер боюнча жергиликтүү салык органдарына же Салык кызматынын Маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрыла алышат.

Пикир

Оставить комментарий