• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Трамп Ак үйгө 300 гамбургер алдырып, акчасын өзү төлөдү

Дүйнө 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Ак үйдө Клемсон университетинин америкалык футбол командасынын мүчөлөрүн кабыл алды. Аларга таратылган гамбургер, пицца жана картошка-фринин акчасын өз чөнтөгүнөн төлөдү.

Президенттин уюштуруу иштерин өзү аткарып, жеткизилген тамак-аштын акысын өзү төлөшүнө "шатдаун" – өкмөттүн толук каржыланбай калышы себеп болгон. "Шатдаун" үч жумадан бери уланууда. Мексика менен чек арада дубал тургузуу маселесиндеги пикир келишпестиктен улам, Конгресс 2019-жылдын бюджетин беките элек. Трамп Конгресстен курулуш үчүн акча суроодо, демократтар буга каршы болууда.

"Шатдаундун" айынан кызмат көрсөтүүчү персоналдардын көбү акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө кетишкен. Андыктан Ак үйгө чакырылган улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө – футболчуларга банкет уюштурууга эч ким калган эмес.

Трамп журналисттерге билдиргендей, McDonald's, Wendy's жана Burger King түйүндөрүнөн 300 гамбургерге тапшырык берилген. Трамп “Бул алардын (спортчулардын) сүйүктүү тамагы деп ойлойм” деп түшүндүргөн.

"Шатдаун" маалында Трамп убактысынын көп бөлүгүн Ак үйдө өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий