• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп: АКШ Иран менен сүйлөшүүгө даяр

Дүйнө 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Тегеран менен диалогго даяр экенин билдирди.

20-июнда Тегеран америкалык чалгын дронун атып түшүргөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону кабарланган.

АКШ президенти NBC News телеканалына берген маегинде өзөктүк маселе сүйлөшүүнүн күн тартибинде болорун билдирди.

“Эгер Иран кайрадан гүлдөгөн өлкө болууну кааласа, каалоо болсо, биз өтө тез макулдаша алабыз”, – деди Трамп.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео дагы Жакынкы Чыгышка баратып, өз пикирин билдирди. Америкалык дипломаттын айтымында, Иран байланыштарды жандандырууга кызыктар болсо, АКШ ага жараша жооп берет. Помпео аймактагы көйгөйлөргө карата “өнөктөштөрдүн стартегиялык ыкмаларынын окшоштуна” көзү жетүү үчүн Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмиратына барат.

Тегеранга элдешүүн ишара кылганы менен Дональд Трамп бүгүн Иранга карата жаңы санкцияларды жарыялашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий