• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Трамп АКШ менен Мексиканын чек арасында дубал куруу үчүн дагы $8,6 млрд доллар сурайт

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу үчүн Конгресстен дагы 8,6 миллиард доллар сурайт. Бул сумма быйыл чек араларды кайтарууга байланышкан долбоорлорго бөлүнгөн каражаттан дээрлик алты эсеге көп.

The Washington Post гезитини маалыматына караганда, Трамп дубал куруу долбоорун каржылоо үчүн 5 миллиар долларды Ички коопсуздук министрлигинен, 3,6 миллиардды Коргоо министрлигинин бюджетинен алууга ниеттенүүдө.

Дубалдын курулушуна каршы болуп жаткан демократтардын Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзөрүн эске алганда, Конгресстин бул сумманы бөлүп берүүгө макул болуу ыктымалдыгы төмөн. Конгресстеги демократтардын лидерлери Нэнси Пелоси менен Чак Шумер Трампка жаңы каршылашуунун кооптуу экендигин эскертишти.

Мексика менен чек арага дубал тургузуу — Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоодогу негизги убадаларынын бири болгон.

Пикир

Оставить комментарий