• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Трамп: АКШ менен Россиянын мамилеси эртеби-кечпи жакшырат

Дүйнө 0

Бишкек, 29.08.17 /Кабар/. Трамп Кошмо Штаттар менен Орусиянын мамилеси эртеби-кечпи калыбына келет деген пикирде. “Бул чоң өлкө, бул өзөктүк держава, бул биз ынак боло турган өлкө. Менимче, акыры аягы Орусия менен мамилени жакшыртабыз”,-деди ал.

Трамп Орусия Финляндияны өтө сыйлай турганын жана бул жакшы экенин айтты. “Мен бир күнү АКШ Орусия менен ынак мамиле түзүүгө жетишет деп үмүттөнөм: бул бүткүл дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн жакшы болот”,-деп баса белгиледи Трамп.

АКШ президенти Балтия аймагын дүйнөнүн “өтө маанилүү бөлүгү” деп атап, АКШ бул чөлкөмдөгү тарапташтарын жана өнөктөштөрүн коргоого даяр экенин айтты. Трамп Финляндиянын коргонуу үчүн көргөн аракеттерине баа берип, америкалык истребителдерди сатып алып жатканы үчүн мактады. Ал Финляндия кичине өлкөлөрдүн масштабында ири куралдуу күчкө ээ экенин кошумчалады.

АКШнын тарыхында президент 15 жылдан бери биринчи жолу Финляндияга расмий сапар менен барды.

Пикир

Оставить комментарий