• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Трамп АКШда коронавируска каршы эмдөө октябрда башталарын билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. АКШда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө октябрда башталат. 2020-жылдын аягына чейин 100 миллион доза вакцина даяр болот. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдиргенин “Интерфакс” жазды.

Трамп Ак үйдөгү маалымат жыйыны учурунда: "Биз вакцинаны өтө коопсуз жана эффективдүү түрдө жеткирүү жана таратуу жолунда баратабыз. Биз муну октябрдан тарта баштайбыз деп ойлом", – деди.

Президент кандайдыр бир тоскоолдук жаралса, вакцинаны декабрга чейин күтүп калуу ыктымал экенин да кошумчалады.

Трамп вакцинага АКШнын Дары-дармек менен камсыздоо департаменти (FDA) уруксат берсе, өлкө миллиондогон доза вакцина өндүрө баштай турганын айтты. Анын билдиришинче, жыл соңуна чейин 100 миллион доза даяр болот.

Трамп вакцина колдоо тапкан күндөн тартып, аны өлкөнүн ар кыл шаарларына жөнөтүү боюнча план иштелип чыкканын белгиледи.

Бул арада АКШдагы Ооруларды алдын-ала көзөмөлдөө борборунун (CDC) директору Роберт Редфилд вакцина 2021-жылдын экинчи же үчүнчү чейрегинде гана жеткиликтүү болушу ыктымал экенин айтты.

АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлигинин өкүлү Пол Манго вакцина ноябрда же декабрда колдоо табышы ыктымал экенин, деги эле бул маселеде 100% кепилдик берүүгө болбой турганын эскертти.

Буга чейин Россия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында Путиндин кызы, коргоо министри Сергей Шойгу да бар.

Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Россиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келатышат.

Пикир

Оставить комментарий