• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Трамп АКШдагы шайлоого кийлигишүү боюнча иликтөөдө атайын кызматтарга ишенет

Дүйнө 0

Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардагы былтыркы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча ишти иликтөөдө америкалык атайын кызматтарга ишенерин билдирди.

АКШ лидери бул тууралуу 12-ноябрда Ханойдогу маалымат жыйынында билдирди. Журналисттер Трамптан бул иш боюнча Орусия президенти Владимир Путинге ишене тургандыгы жөнүндөгү бир күн мурдагы айткандары тууралуу суроо беришкен.

Ага чейин Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык саммити маалында Путин менен жолугушканын жана алар «Сирия боюнча жакшы талкуу жүргүзгөнүн» Твиттердеги баракчасына жазган. Ошондой эле Трапм өз билдирүүсүндө Түндүк Корея каатчылыгын чечүүдө Путин менен Кытайдын жардамына үмүт артып жатканын белгилеген.

Андан тышкары АКШ лидери Орусия Сирия менен Украинадагы абалдарды жөнгө салууда олуттуу жардам берет деген ишенимин билдирген.

Орусия менен АКШнын президенттери Вьетнамда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинин алкагында кыска жолугушу өткөрүштү. Анда алар Сирия боюнча биргелешкен билдирүүнү макулдашып,«Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөштү аягына чейин улантуу боюнча келишишти. Жумушчу графиктеринин туура келбегендигине байланыштуу эки лидер ортосунда расмий жолугушуу болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий