• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Трамп АКШга иммиграцияны убактылуу токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду

Дүйнө 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус эпидемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөрдүн иммиграциясын убактылуу токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Өлкө башчы бул чечимин америкалыктар үчүн жумуш орундарын жана медициналык ресурстарды сактап калуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Буга чейин Трамп жарлык 60 күн күчүндө болорун, зарылчылык жаралса бул мөөнөт узартылышы мүмкүндүгүн айткан. 24-апрелден тартып күчүнө кире турган жарлык Кошмо Штаттарга кирүүгө укук ала эле чет өлкөлүктөргө тиешелүү болот. Ошол эле маалда медицина кызматкерлери, эпидемияга каршы күрөшүү үчүн керектүү болгон башка кесип ээлери жана АКШ жарандарынын жакын туугандары өлкөгө кире алышат.

АКШда иммиграция федералдык мыйзамдар менен көзөмөлдөнгөндүктөн, президенттин чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүн чектөө аракеттери боюнча сотко кайрылууга болот.

АКШ коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 850 миңге жакын кишиде вирус аныкталып, алардын 47 миңден ашыгы каза болду.

Пикир

Оставить комментарий