• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Трамп башаламандыктарды токтотуу үчүн аскерлерди тартуу ниетин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн бир катар штатына жайылган башаламандыкты токтотуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскердик полициянын күчтөрү тартыла турганын билдирди.

Трамптын айтымында, ал ар бир штаттын өкмөтүнө туруктуулукту орнотуу үчүн Улуттук гвардияны колдонууну сунуштаган. «Эгер шаар же штат жашоочулардын өмүрү менен мүлкүн коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрбөсө, АКШнын армиясын тартып, маселени алардын ордуна тез эле чечип коем», — деди Трамп.

Президент полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойдун өлүмүнөн кийин башталган башаламандыкты «ички терроризм» деп атады. Ошол эле маалда Трамп бардык тынч демонстрацияларды колдой турганын кошумчалады.

Трамптын бул билдирүүсүнө чейин полиция Ак үйдүн алдындагы тынч демонстрациянын катышуучуларын таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонгон.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги президент козголоңчу аракеттерге каршы туруу тууралуу 1807-жылы кабыл алынган мыйзамды пайдаланып, шаарга же штатка армия киргизүү ыктымалдыгы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий