• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Трамп Даниядан Гренландияны сатып алууга кызыгууда

Дүйнө 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп кеңешчилери менен Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн бир нече жолу талкуулаган. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити Ак үйдөгү өз булагына таянуу менен билдирди.

Гренландия Даниянын автономдуу облусу. Арал аймагы дат королдугунан элүү эсеге чоң болсо да, бул жерде 56 миң гана киши жашайт.

​ The Wall Street Journal гезитинин өз булагынын билдиришинче, расмий жолугушуулар менен катар тарапташтарынын арасында Трамп кеңешчилеринен Гренландияны мыйзамдуу жол менен сатып алуу мүмкүнбү деп сураган. Ал кеңешчилеринин жообун кызыгуу менен уккан. Президент Ак үйдөгү юристтерге кайрылып, келишимдин укуктук аспектилерин иликтеп чыгууну тапшырган.

The Wall Street Journal гезитинин кабарлашынча, сентябрдын башында Трамп расмий сапар менен Данияга барат, бирок Гренландия маселесин талкуулоо күн тартибинде жок.

Копенгаген автономдуу аралды жылына 591 миллион долларга каржылоодон кыйналып туранын уккандан кийин, Трамптын Гренландияга болгон кызыгуусу арткан деп жазат гезит.

Гренландияны сатып алуу идеасы жаңы эле чыккан жок. 1867-жылы АКШ Орусиядан Алясканы сатып алганда, Мамлекеттик департамент Гренландия менен Исландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн да иликтеген. Бирок сөз келишимге жеткен эмес. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Гренландиянын стратегиялык маанисин эске алуу менен президент Гарри Труман Данияга арал үчүн 100 миллион доллар сунуштаган. Копенгаген баш тарткан. Бирок Гренландияда АКШнын аба күчтөрүнүн эң эле түндүктөгү базасы жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий