• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Трамп КЭДР менен “чоң жаңжал” болушу мүмкүндүгүн билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. АКШ Президенти Дональд Трамп Рейтер агенттигине берген интервьюсунда КЭДР менен “чоң жаңжал” болушу мүмкүндүгүн, бирок ал маселени дипломатиялык чечүүнү каалай тургандыгын билдирди.

“Түндүк Корея менен чоң, чоң жаңжал аркылуу бүтүрүү мүмкүндүгү бар экендиги анык”, - деди Трамп.

Ошол эле учурда ал кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү кааларын белгиледи. “Биз маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү каалаганбыз, бирок бул оңой эмес”, - деп кошумчалады америкалык лидер.

Ал КЭДР айланасындагы маселени чечүүдөгү Кытайдын ролун кайрадан белгилеп, кытай лидери Си Цзиньпин “бардык мүмкүн болгон аракеттерди жасап жатканын” айткан.

Трамп түндүк кореянын лидери Ким Чен Ынды рационалдуу деп эсептейби деген суроого, ал өзүн акылдуу сезип, иш жасап жатат деген жообун айткан. Ошондой эле, Трамп Ким Чен Ын бийликке өтө жаш келгендигин белгилеп өттү.

“Мен аны акыл-эстүү деп ишенем”, - деп баса белгиледи АКШ президенти.

АКШ Кытайды КЭДР ядролук маселесин чечүүдө негизги өлкө катары эсептейт. Апрелдин башында КЭР төрагасы Си Цзиньпин АКШга сапары менен барып, анда президент Дональд Трамп менен жолугушту.

АКШ менен Түштүк Кореянын ири аскердик окууларына байланыштуу КЭДРге байланыштуу кырдаал курчуду. Анын ичинде согуш чыгып кете турган болсо пхеньян бийлигин жок кылуу маселеси дагы. Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды сыноо менен жооп кайтарып, душманынын Түштүк Корея, Япония жана АКШнын аймагындагы аскер базаларына сокку урууга даярдыгын эскерткен.

Түндүк Кореянын ракеталык сыноолордон соң, Корея жарым аралынын аймагына "Карл Винсон" авиа атомдук тобу багытталган. "Карл Винсон" КЭДР жээгинде бир айга жакын болушу күтүлүүдө.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий