• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет

Дүйнө 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Президент Дональд Трамп бүгүн АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алганын ырастады. Трамп Ак үйдө Хейлинин өзү менен жолугуп жатып билдиргендей, ал БУУдагы элчилик кызматтан жыл аягында кете турган болду.

Бирок Хейлинин кызматтан кетүүсүнүн себептери айтылган жок. Трамп аны жолугушууда “өзгөчө адам” деп сыпаттап, бирге “көп көйгөйлөрдү” чечишкенин белгиледи.

Хейли болсо жолугушууда анын жумушу дүйнөлүк аренада Американы коргоо болгонуна токтолду.

Индиялык иммигранттардын кызы, Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору, 46 жаштагы Никки Хейли Республикалык партиянын жанып келаткан жылдызы, 2020-жылдагы шайлоого ыктымал талапкерлердин бири катары да каралууда. Бирок Хейли Трамп менен жолугушуу учурунда “2020-жылдагы шайлоого катышпайм”, - деп билдирди.

АКШнын БУУдагы элчисинин кызматтан кетери жөнүндө жарыя Конгресске келерки айдагы шайлоо алдына туш келди. 6-ноябрдагы шайлоодо Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү шайланат.

Пикир

Оставить комментарий