• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Трамп Ким Чен Ын өзүн “абдан жаман” алып жүрүүдө деп билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. АКШ Президенти Дональд Трамп КЭДР лидери Ким Чен Ынды кескин сынга алды. Бул тууралуу Fox News билдирди.
“Ал өзүн абдан жаман алып жүрүп жатат деп айтайын мен силерге” , - деп билдирди америка лидери Флоридада Мар-а-Лаго резиденциясында эс алуу күнүн өткөрүп жатып журналисттерге.
Ошондой эле Трамп Түндүк Корея маселеси боюнча жолугушуу өткөргөнүн айтып, бирок эмне тууралуу талкуу болгондугун тактаган жок.
Буга чейин Ак үй Акш президенти улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Герберт Макмастер менен сүйлөшүүдө түндүк корея коркунучу темасын козгогондугун билдирген.
Ишембиде Ким Чен Ын жогорку тартылуудагы ракеталык сыноолордон кийин КЭДр ракета индустриясындагы “жаңы туулуу” тууралуу билдирген.
АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон өткөн жумада эгерде Түштүк Кореяны жана ал жактагы америкалык аскерлерди коркута турган болсо, АКШ Пхеньянга карата аскер күчүн колдонуу мүмкүндүгү бар экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий