• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп Конгрессте өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасады

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/.

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдөгү абал боюнча билдирүү жасап, Кошмо Штаттардын экономикалык ийгиликтерин баса белгилеп, иммигарция боюнча чечим кабыл алууга чакырды.

Трамп Конгресстин бирдиктүү жыйынында президент болгондон бери биринчи жолу сөз сүйлөдү.

АКШ президенти өз билдирүүсүндө Кытай жана Орусияны Американын кызыкчылыктарына, экономикасына жана баалуулуктарына каршы турган атаандаштар деп атады. Ал мындан тышкары Конгрессти Иран менен өзөктүк келишимдеги фундаменталдуу кемчиликтерди жоюуга чакырып, АКШ Түндүк Кореянын куралдануусуна каршы “максималдуу кысым” кампаниясын улантарын белгиледи.

Трамп “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” террордук топторуна каршы күрөш улана берерин, АКШ саясатын колдобогон өлкөлөргө жардам берүү кыскартыларын айтты. Ал мындан ары Вашингтон Ооганстандан аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн жарыялабай турганын кошумчалады.

Трамптын сөзү 1 саат 23 мүнөткө созулуп, кол чабуулар менен коштолуп турду.

Булагы CENTRAL ASIA

Пикир

Оставить комментарий