• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Трамп Конгресстин иликтөөсүнө жардам бербөө чечимин түшүндүрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп импичмент жараяны боюнча администрация Конгресске көмөктөшө турганын айтып, бирок бул үчүн алардын бардык укуктары сакталышы керектигин билдирди.

Трамптын айтымында, Конгресстеги демократтар республикачылардын укуктарын чектеп, президенттин адвокаттарын материалдар менен таанышуу мүмкүндүгүнөн ажыратышкан.

Мындан тышкары Трамп 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодогу ыктымал атаандашы, АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден тууралуу пикирин билдирди:

— Байдендин рейтинги төмөндөп жатат. Анын коррупцияга тиешеси бар экени пленкада жазылуу. Ал украиналыктар бир прокурорду кетирмейинче, аларга эки миллиард доллар бербейбиз деп айткан. Андан соң прокурор жок болду.

Президентке импичмент жарыялоо боюнча Конгресстин иликтөөсүнө Трамптын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсү себеп болгон. Анда Трамп украин лидеринен Жо Байдендин уулуна карата тергөө баштоону өтүнгөн. Трамптын айтымында, анын Украинадагы коррупциялык иштерге тиешеси бар. Демократтар болсо Трамп президенттик шайлоодогу ыктымал атаандашына карата компромат алуу үчүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган деп эсептешүүдө.

Шейшемби күнү Ак үй импичмент жараяны боюнча иликтөөдө Конгресстеги демократтар менен кызматташуудан баш тартканын кабарлаган.

Күн мурун Байден Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдой турганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий