• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп Кыргызстан элин жана Президент Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Америка Кошмо Штаттарында түрдүү улуттардын жана диндин өкүлдөрү, анын ичинде Америка мусулмандары чогуу жашап, өлкөнүн өнүгүүсүнө негизги салым кошуп келишет, ошондой эле алар АКШнын куралдуу күчтөрүндө кызмат кылышат», — деп белгиленет Американын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

«Рамазан айы аяктап баратканда биз Ислам дининин түпкү маңызын түзгөн акыйкаттыктын жана боорукерликтин, кошуна-коңшуларга көмөк көрсөтүүнүн, бир сындырым нан болсо да коомдогу түрдүү чөйрөнүн адамдары менен тең бөлүшүп туруу боюнча ыйык салты туурасында ой жүгүртөбүз. Орозо айт досчулукта бири-бирине колдоо көрсөтүү жоопкерчилиги тууралуу жана ар бир адам өз дараметин толук ачып бере турган коомду түзүү тууралуу эскертүү болуп саналат. Америка элинин атынан, Меланиянын жана өзүмдүн атыман, Сизге жана Кыргызстан элине Орозо айт майрамына карата куттуктоо жолдойм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

АКШнын Президенти Дональд Трамп ушул өзгөчө майрамда жана ушул жылдын алкагында дүйнөнүн бардык мусулмандарына тынчтык, ден-соолук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий