• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп: Мексика чек арасына дубал куруу маселеси чечилмейинче өкмөт толук иштебейт

Дүйнө 0

Бишкек, 26.12.18 /Кабар/. Мексика менен чек арага дубал курууну каржылоо маселеси чечилмейинче АКШ өкмөтү толук ишке киришпейт. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Америка үнү» радиосу кабарлагандай, АКШдагы мамлекеттик мекемелердин төрттөн бир бөлүгү ишин убактылуу токтотту. Учурда аларда эмгектенген 800 миңден ашык кызматкердин жарымынан көбү айлыксыз ишин улантууда.

Эми бул маселе Конгрессте Рождесто майрамынан кийин гана каралат. 24-25-декабрь күндөрү АКШда федералдык майрам болуп эсептелет. Сенаттын жакынкы жыйыны бейшембиге белгиленген.

Президент Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сураган. Анын айтымында, дубал мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө жардам берет.

Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп дубалды курууга кетчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Долбоордун жалпы суммасы 20 миллиард доллардан ашышы мүмкүн.

Трамптын Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоорун Өкүлдөр палатасы колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.

Пикир

Оставить комментарий