• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Трамп менен Конгресс лидерлери бизнеске жана ооруканаларга $500 млрд бөлүү тууралуу макулдашты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. АКШда Ак үй менен Конгресс лидерлери коронавирус эпидемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн өлкө экономикасына 500 миллиард долларлык жардам бөлүү тууралуу макулдашууга келди.

Президент Дональд Трамп Конгресстеги республикачылар менен демократтардын лидерлерин алдыдагы чечимдерди кабыл алууну кечеңдетпөө үчүн жардамдын жаңы топтомун жактырып берүүгө чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Президенттин болжолдуу жактыруусун алган мыйзам долбоорунда кичи бизнеске 321 миллиард доллар өлчөмүндө жардам берүү жана 60 миллиард доллар насыя берүү программалары каралган. Мындан тышкары 75 миллиар доллар ооруканалар менен госпиталдардын керектөөлөрүнө, 25 миллиард доллар коронавируска карата тесттерди өткөрүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууга бөлүнүшү керек.

Бул мыйзам долбоору боюнча добуш берүү Сенатта кийинки шейшемби күнү, Конгрессте андан эки күндөн кийин өтөт.

21-апрелде Ак үйдө макулдашылган мыйзам долбоору пандемия кесепеттерин азайтууга багытталган Кошмо Штаттардагы төртүнчү ири мыйзам чыгаруучу акты болуп калат.

АКШда коронавирустан каза болгон адамдардын саны 45 миңден ашып, 22 миллион америкалык жумушсуз калды.

Пикир

Оставить комментарий