• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Трамп мигранттарды АКШга киргизүү шарттарын катаалдаштырууда

Дүйнө 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Дүйшөбү күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардан башпаанек алууга аракет жасаган мигранттардын агымын көзөмөлгө алуу боюнча жаңы чаралардын киргизүү тапшырмасын берди.

Ага ылайык, Ички коопсуздук министрлиги үч ай аралыгында башпаанек үчүн документ тапшыргандардын арызын 180 күндүн ичинде кароого, арыз кароо үчүн акы киргизүүгө жана убактылуу иштөөгө уруксат берүүгө, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрду бул сыяктуу укуктардан ажыратууга милдеттүү.

Меморандумдун максаты – башпаанек берүүгө байланыштуу жол-жоболордун аткарылышын камсыздоо.

Мыйзамдарга ылайык, америка чек арасындагы өткөрмө бекетте башпаанек сураган кишинин арызы каралышы керек жана ал жылдап созулушу ыктымал. Миллиондогон мигранттар башпаанек алышпайт, бирок өлкөдө мыйзамсыз жашап жүрө беришет. Трамптын администрациясы алардын агымын азайтуу үчүн ар кыл кадамдарга барууда.

Маселен, арыздар каралып бүткөнгө чейин бул кишилерди Мексикага кайтаруу, башкалка сурагандар үчүн иммиграциялык борборлорду түзүүүу сунуштаган. Бирок бул чаралардын көбү америкалык соттор тарабынан мыйзамсыз деп табылган.

Мартта мексика-америка чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 92 миң мигрант кармалган. Былтыр бул айда камалгандардын саны 38 миң болгон.

Пикир

Оставить комментарий