• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп Мюллердин иликтөөсүн мамлекеттик төңкөрүш аракети деп атады

Дүйнө 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын америкалык шайлоолорго кийлигишүү ыктымалдуулугу боюнча иликтөөнү аны кызматтан четтетүү аркылуу “мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасоо” деп атады. Бул тууралуу Трамп Техаска иш сапар менен барар алдында билдирди.

Ал атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүн окуган эмес. “Мени Мюллердин отчету кызыктырбайт. Мен толугу менен реабилитациялангам”, – деди Трамп.

Роберт Мюллер эки жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин аныктаган. Ошол эле маалда атайын прокурор Трамп же анын командасынын Орусия менен кутумга барганы тууралуу далилдерди тапкан эмес. Бирок президентти күнөөсүз деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган. Уильям Барр өз кезегинде Трампты жоопкерчиликке тартпоо чечимин кабыл алган.

Башкы прокурор Мюллердин отчетун америкалык мыйзам чыгаруучуларга ушул жумада берүүнү убада кылган. Бирок демократтардын документти толугу менен элеге жарыялоо сунушун четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий