• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп Россия менен бирге киберкылмыштуулук боюнча топ түзүү ыктымалдыгын четке какты

Дүйнө 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Россия менен биргеликте киберкылмыштуулук боюнча топ түзүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазган Трамп Россия президенти Владимир Путиндин бул боюнча айткандарын четке какты.

Гамбургда жыйынтыкталган «Чоң жыйырмалык» саммитинен кийинки маалымат жыйынында Путин Трамп менен болгон жолугушуусунда киберкылмыштуулук маселелери боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашууга келгендиктерин айткан.

Путиндин бул билдирүүсүн АКШ сенатору, Чет өлкөлүк иштер боюнча комитеттин мүчөсү, демократ Бен Кардин катуу сынга алган.

Анын айтымында, Россия АКШдагы шайлоого кийлигишүү менен саясий Перл-Харборго тете чабуул жасаган. Ал орусиялык хакерлердин АКШга карата жасаган көптөгөн чабуулдарына жана Кремлдин өткөн жылкы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсүнө жооп катары тез арада Москвага жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий