• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Трамп Орусияга киргизилген санкциялар кандай шартта алынышы мүмкүн экенин айтты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды алып салуу маселесин кайра карап көрүүгө даяр. Бирок ал үчүн Москва Украина менен Сирия маселесинде Вашингтондун каалоосун аткарышы керек. Бул тууралуу ал «Reuters» маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Трамп ошондой эле орус президенти Владимир Путин өткөн айда Хелсинкидеги саммитте АКШдан санкцияларды алып салууну өтүнбөгөнүн кошумчалады. Бирок анын айтымында, дээрлик эки саатка созулган сүйлөшүүдө Крымдын аннексиясы, Чыгыш Украинадагы жаңжал, Орусиядан Германияга газ жеткире турган "Түндүк агым - 2" долбоору сыяктуу маселелер талкууланган.

Вашингтон Москвага каршы алгачкы санкцияларды 2014-жылы, Орусиянын Крым жарым аралын каратып алгандыгы жана Украина чыгышындагы агрессиясы үчүн киргизген. Жакында эле Конгресстин кароосуна Москванын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишкендиги үчүн санкцияларды катаалдаштыруу сунушталган жаңы мыйзам долбоору чыгарылды. Ал Орусиянын мамлекеттик карызына инвестиция кылууга тыюу салып, өлкөнүн мунайгаз тармагы үчүн технологияларды экспорттоого чектөөлөрдү киргизет.

8-августта АКШнын Мамлекеттик департаменти Британиянын Солсбери шаарында Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын жарыялаган. Жаңы чектөөлөр бүгүн, 22-августта күчүнө кирет. Ал Орусияга улуттук коопсуздук тармагында пайдаланыла турган товарларды экспорттоого тыюу салат.​

Пикир

Оставить комментарий