• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Трамп шайлоо иликтөөсү боюнча Юстиция министрлигине расмий кайрылат

Дүйнө 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп шайлоо кампаниясына сырттан кийлигишүү болгон деген ишти аягына чыгаруу ниетинде экенин жарыялады.

Жекшемби күнү Твиттерде жарыялаган билдирүүсүндө Трамп мурдагы администрация анын шайлоо алдындагы кампаниясына жолтоо болуу буйругун берген-бербегенин аныктагысы келерин жазган.

АКШ президенти тарабынан расмий суроо Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигине бүгүн, 21-майда жөнөтүлөт. Мурдараак америкалык басылмалар Трамптын шайлоо штабынын кызматкерлери менен жолугушуп турган ФБРдин атайын кишиси болгонун жазышкан.

Учурда атайын прокурор Роберт Мюллер 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөдө. АКШ Юстиция министрлиги аны бул кызматка бир жыл мурун дайындаган.

Мюллер Кремль менен Трамптын тарапташтарынын ортосунда кутум болгонбу, Трамп мыйзамсыз жол менен иликтөөгө бут тосууга аракет жасаганбы деген суроолорго жооп издөөдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий