• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Трамп Шавкат Мирзиёевди АКШга чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. 19-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылар өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактагы коопсуздук, Ооганстандагы абалды тынчтык жол менен жөнгө салуу, эл аралык терроризмге, экстремизмге жана радикализмге каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылар Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүдө эл аралык колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу Ооганстан президентинин Өзбекстанга жасаган жакындагы сапары маалында макулдашылган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге жогорку баа берилди.

Трамп Өзбекстандын ачык жана конструктивдүү тышкы саясатын кубаттады. Айтымында, өлкөнүн коңшулары менен мамилени жакшыртуу боюнча жигердүү аракеттери жалпы Борбор Азиядагы тынчтык менен туруктуулукка өбөлгө болот.

Соңунда эки тараптуу кызматташтык жаатындагы перспективдүү пландарды биргеликте карап чыгуу үчүн Дональд Трамп Шавкат Мирзиёевди расмий сапар менен АКШга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий