• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп Си Цзиньпинге Гонконгдогу кризисти талкуулоону сунуштады

Дүйнө 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Шаршемби күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Кытай президенти Си Цзиньпин менен жолугуп, Гонконгдогу абалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулоого даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу Трамп “Твиттердеги” барагына жазды. Америка президенти кийинки билдирүүсүндө Гонконгго карата “адамкерчиликтүү” мамиле жасоо – АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода талашын чечүүнүн болжолдуу шарты экени айтылат.

Бул сунуш Кытайдын аскер бөлүктөрү Гонконг менен чек арада топтолгон маалга туш келди.

Кытайдын атайын административдик районунун миңдеген жашоочулары он жумадан бери кытай бийлигине каршы нааразылык өткөрүшүүдө. Гонконгдуктар кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна макул эмес.

Мамлекеттик департамент АКШ Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн Гонконгго жакындоосуна тынчсыздануусун билдирди. Шаршембиде спутниктен алынган сүрөттөр жарыяланган, анда көптөгөн аскер техникалары Гонконг менен чектеш Шэньчжэнь шаарында топтолуп турганын көрүүгө болот.

Reuters агенттиги Кытайдын Global Times басылмасына шилтеме берүү менен Кытайдын Элдик куралдуу полициясы ири масштабдуу машыгуу үчүн Шэньчжэнге чогулганын жазды.

Бул арада Демократиялык жана Республикалык партиянын айрым мыйзам чыгаруучулары Трампты Кытайга карата катуу позицияны ээлөөгө чакырышууда.

АКШ бардык тараптарды кыйноодон алыс болууга үндөдү. Вашингтондун пикиринде, Гонконг өкмөтү “сөз эркиндиги менен тынч жыйындары” сактап, Пекин Гонконгго жогорку деңгээлдеги автономия берүү милдеттемесин аткарышы керек.

Пикир

Оставить комментарий