• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Трамп: Венесуэлага аскердик кийлигишүү варианты каралууда

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. АКШ Николас Мадуронун режимине каршы аракеттердин бири катары Венесуэлага аскердик кийлигишүү вариантын караштырууда. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Си-Би-Эс телеканалынын эфиринде билдирди.

«Бул жөнүндө айткым келбейт, бирок албетте бул вариант дагы каралып жатат», — деди Трамп алып баруучунун суроосуна жооп берип жатып.

The Hill басылмасынын маалыматына караганда, бир нече ай мурда Мадуро жолугушуу өтүнүчү менен АКШ президентине кайрылганда, Трамп ага макул болгон эмес.

Январдын аягында АКШ башында турган бир нече мамлекет Венесуэланын убактылуу президенти катары өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хуан Гуайдону таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий