• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Трамп жана Штайнмайер Кыргызстан элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Мен Кыргыз Республикасынын акыркы 29 жыл ичинде демократиялык баалуулуктарын жана көз карандысыздыгын коргоодогу бекем туруктуулугуна суктанам. Көз карандысыздыкты алган күндөн тартып Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өсүп келе жаткан экономикасын, демократиялык институттарын курууга жана адам укуктарын урматтоону камсыз кылууга карата жасаган иш-аракеттерин колдоого 2 миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү. АКШнын Тынчтык корпусу жана башка алмашуу программалары биздин элдерибиздин ортосунда бекем байланыштарды түздү. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн мамилелер Америка Кошмо Штаттарынын да, Кыргызстандын да элдерине пайда алып келүү багытында өнүгөт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Андан тышкары, Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер дагы Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Германия көп жылдар бою Сиздердин өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жатат. Өзгөчө COVID-19 пандемиясы учурунда оорчулуктарды биз биргелешип гана жеңе алабыз. Германия мындан ары да Кыргызстандагы демократиялык реформаларды активдүү түрдө колдойт. Күзүндө боло турган парламенттик шайлоо демократияны жана мыйзам үстөмдүүлүгүн бекемдөөдө дагы бир маанилүү мезгил болмокчу», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий