• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Трамп Жашыруун кызматтын башчысы Рэндольф Аллести жумуштан кетирди

Дүйнө 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Жашыруун кызматтын башчысы Рэндольф Аллести жумуштан бошотуу боюнча буйрукка кол койду. Бир күн мурун ички коопсуздук министри Кирстьен Нильсен отставкага кеткен.

Акүйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс Аллестин ордун май айында Жашыруун кызматтын тыңчысы Жеймс Мюррей ээлей турганын билдирди.

Трамп ички коопсуздук министрлигинин башчысы Нильсендин отставкасынан кийин анын милдетин убактылуу түрдө чек ара жана бажы маселелери боюнча мекеменин жетекчиси МакАлинан аткара турганын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий