• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Трамптын адвокаты: президент иликтөөлөрдүн объектиси эмес

Дүйнө 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн объектиси боло албайт. Бул тууралуу Трамптын адвокаты Жей Секулоу NBC телеканалына берген маегинде билдирди.

Буга чейин АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер президент Дональд Трамп Орусия боюнча иликтөөгө бут тосууга аракеттенгенби деген суроону териштирип жатканын медиа каражаттары жазып чыгышкан.

Трамп Твиттерде ФБРдин директору Жеймс Коминин кызматтан кетишине байланыштуу ага каршы иликтөө жүрүп жатканын жазган.

Секулоу президент Washington Post гезитиндеги макалага комментарий бергенин айтты. Басылманын маалыматы боюнча, иликтөө ФБР башчысы Жеймс Коми отставкага кеткенден кийин башталган. Трамп буга өтө ачууланганын билдирген.

АКШ конгрессинде Орусиянын АКШнын шайлоо кампаниясына ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө уланууда. Ушундай эле териштирүүлөрдү ФБР дагы жүргүзүп жатат. Бул арада администрациядан көз карандысыз иликтөө дагы башталды. Аны атайын прокурор Роберт Мюллер жетектөөдө. Ага эгер негиз болсо президенттин аракетин иликтөө укугу да берилген.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий