• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Трамптын юристтери импичментти 2020-жылдагы шайлоого кийлигишүү катары сыпатташты

Дүйнө 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Кошмо Штаттарда импичент маселеси боюнча териштирүүдө эки тарап тең өз позицияларын жактоо үчүн юридикалык аргументтерин жарыялашты.

Өкүлдөр палатасындагы демократтар тарабынан даярдалган 111 барактан турган документте Трамп президенттик антын бузганы айтылат. Демократтар Трамп өз аракети менен өлкө коопсуздугун жана конституциялык түзүмдү коркунучка кептегенин белгилешкен. АКШ президенти бийлигинен кыянат пайдаланган жана Конгресстин ишине тоскоолдук кылган деген беренелер боюнча айыпталууда.

Президенттин компандасы буга жооп иретинде алты барактан турган билдирүү менен чыкты. Юристтер Трампка каршы айыптоолорду америкалыктарга жана алардын шайлоо укугуна каршы “коркунучтуу чабуул” деп аташты. Трамптын тарапташтары демократтардын башкы максаты 2016-жылдагы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн жаратып, келе жаткан шайлоого кийлигишүү экенин белгилешет. Документте Трамп эки айыптоону тең четке какканы тастыкталган.

Трампты коргой турган топко АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун импичмент ишине катышкан мурдагы атайын прокурорлор Кеннет Стар менен Роберт Рэй дагы кошулду.

Сенатта Трамптын импичмент маселеси 21-январдан тарта карала баштайт. Сенаторлор жана АКШнын Жогорку соттун судьясы Жон Робертс ант берди.

Сенаторлор бул иште соттук коллегия мүчөлөрүнүн, ал эми конгрессмендер айыптоочу тараптын ролунда болушат. Буга чейин конгресс импичмент тууралуу ишти Сенатка жиберүүгө макулдугун берген.

Сенаттагы көпчүлүк - Дональд Трамп президенттикке шайланган Республика партиясынын мүчөлөрү. Конгресстеги республикачылардын эч кимиси Трампты айыптоого кошулган эмес. Серепчилер Сенатта Трамп акталып чыгышы ыктымалдыгын айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий