• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Транс-чек ара суу агымдары боюнча Конвенция Бюросунун төрагалыгы Казакстанга өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Казакстан транс-чек ара суу агымдарын жана эл аралык көлдөрдү колдонуу боюнча Конвенция Бюросуна 2019-жылдан 2021-жылга чейин төрагалык кылат.

Казакстан айыл чарба министрлиги билдиргендей, бул тууралуу Транс-чек ара суу агымдарын жана эл аралык көлдөрдүү коргоо жана пайдалануу боюнча конвенциянын сегизинчи жыйыны учурунда белгилүү болду.

Министрик эми транс-чек ара дарыяларын жана суу ресурстарын колдонуу жана короо долбоорорун ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга, суу секторунда өлкөнүн илимий дараметин жогорулатууга шарт түзүлөрүүн белгилөөдө.

600дөн ашуун эксперттер, БУУга мүчө 90 өлкөнүн министрлери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үч күн бою климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу, суу ресурастары, азык түлүк, энергия, экоситема ортосундагы байланыштар, транс-чек ара суу кызматташтыгынын пайдалары жана каржы маселелерин талкуулашат.

Форумдун алкагында “Глобалдык деңгээлде Конвенция стратегияларын ишке ашыруу” жана “Конвенция ишинин 2019-2021-жылдардагы программасы” деп аталган документтерге кол коюлат.

Транс-чек ара суу агымдары боюнча конвенция – бул транс-чек ара сууларын рационалдуу колдонуу жана коргоо боюнча кызматташуунун укуктук базасын түзгөн эл аралык документ болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий