• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Траншея казуу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Чек арага жакын аймакта траншея казуу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматы 2021-жылы 22-августта кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин белгилейт.

Азыркы учурда мамлекеттик чек арага жакын тажик тарап тарабынан уруксатсыз казуу жана траншеяларды жайгаштыруу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өтүп жатат.

Бүгүн болжол менен саат 11:15те “Головнойдун” аймагында тажик тарап бир күн мурда, 21-августта Ак-Суу дарыясынын батыш жээгинде казылган траншеяларга цемент куюу үчүн опалубканы орнотуу иштерин улантты.

КР УКМКнын чек ара кызматы бул тажик тарап чек ара линиясына жакын жерде курулуш иштерин жүргүзүүгө байланыштуу мурда келишилген макулдашууларды бузган биринчи факт эмес экенин белгилейт.

КР УКМК Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абалга көзөмөл жүргүзүүдө.

Баткен облусундагы бардык чек ара бөлүктөрү, анын ичинде кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункту күнүмдүк режимде кызмат өтөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий