• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Транспорт комитети 2018-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору талкууланып, жактырылды. Мыйзам долбоору КР Эсеп палатасынын Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетун эске алуу менен каралды.

КР каржы министринин орун басары Марлен Амандыковдун айтымында, 2018-жылга карата республикалык бюджетке каражаттардын кириши (мамлекеттик инвестициялык программанын линиясы боюнча атайын каражаттар, тышкы гранттар жана насыяларды эске алуу менен) 166 458,5 млн сомду же 94,7%ды түзгөн. Пландалган сумма болсо 175 803,7 млн сом. Бул көрсөткүч 2017-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 6,2%га же 10 938,3 млн сомго кыскарган.

Кирешенин жалпы көлөмү 135 504,8 млн сомду түзгөн же пландалган сумманын 95,7%ы. Былтыркы жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 0,6%га өскөн. Жалпы чыгымдар 141 945,0 млн сомду түзүп, 2017-жылга салыштырганда 1,5%га көбөйгөн.

Жыйында комитет мүчөлөрү республикалык бюджеттен транспорт тармагына бөлүнгөн суммага жана анын каржыланышына кызыгышты. Каржы министринин орун басары М.Амандыков аталган тармакка жалпысынан 2 млрд 250 млн сом бөлүнүп, анын ичинде Транспорт министрлигинин борбордук аппаратын каржылоого 40,1 млн сом, жолдорду кармоого 1 млрд 875 млн сом - авиацияга 192 млн сом, габариттүү жүктөрдү көзөмөлдөө агенттигине 142 млн сом каралгандыгын белгиледи.

Талкуу жүрүшүндө депутат Бактыбек Сыдыков жыл соӊунда көптөгөн каражаттардын иштетилбей калышын мисалга тартып, КР Өкмөт мүчөлөрүн мамлекеттик органдарда бюджеттик каражаттарды каржылоо боюнча тартип жоктугун сынга алды. Депутат Тынчтыкбек Конушбаев республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган обьектилердин тизмесин ачык-айкын түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Анын билдиришинче, курулуп жаткан жана курулушу өтө созулуп бүтпөй жаткан обьектилерге артыкчылык берилип, аларды бүтүрүү боюнча Мамкурулуш агенттигинин саясатына туура келбеген 33 жаӊы обьекти курулуп башталган.

Талкуу соӊунда комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоорун жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий