• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Транспорт комитети жол сапатын текшерүүчү көчмө лаборатория менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 5-декабрда КР Транспорт жана жолдор министрлигинде көчмө жыйын өткөрүүдө. Алгач депутаттар курулуп жаткан жана курулушу бүткөн жолдордун сапатын текшерүүчү көчмө лаборатория менен таанышып чыгышты. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, автомобилдик жолдорду диагностикалоо жана паспорттоштуруу үчүн атайылаштырылган лаборатория (атайын жабдуулары бар унаа) сатылып алынгандыгын жана анын артыкчылыктары - жолдун сапатын текшерүү үчүн зарыл болгон болгон системалык жабдуулар менен камсыздалгандыгы тууралуу маалымдады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Жамшитбек Калилов “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, 1-фазанын алкагында аталган чоң жолдун 60%ына асфальт төшөлүп бүткөн. Ал эми Кок-Арт ашуусундагы туннель казуу иштери белгиленген мөөнөттөн кечигүү менен жүргүзүлүүдө. Себеби тоону тешүүдө ар кандай тоо тектери чыгып, күтүлбөгөн кыйынчылыктар пайда болуп, иш аргасыздан создугуп жатат. Учурда 3,7 чакырымды түзө турган туннелдин 1 чакырымдан ашууну казылды.

Азыркы убакта комитет депутаттары «Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы «Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия» (Digital CASA) (TF0A5602) cунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоорун талкуулоодо.

Пикир

Оставить комментарий