• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Транспорт министри Баткен облусундагы жолдордун курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-июнунда КРнын транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Баткен облусуна иш сапары менен барып, Миң-Булак–Чорго–Аксай жана Аксай–Рават унаа жолдорунун курулушу менен жеринен таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр ошондой эле Лейлек районундагы асфальт бетон заводунун иши менен таанышкан.

"Иш сапардын алкагында Миң-Булак–Чорго–Аксай жана Аксай–Рават унаа жолдорунун курулуш иштери менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери Ж. Содомбаев жана А. Усенов менен кѳзѳмѳл ѳткѳздү. Тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин өз нугунда жана пландалган мѳѳнѳткѳ аяктоо ѳтѳ маанилүү экенин баса белгиледи", - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бүгүн министрдин иш сапары улантылып, жолдордун курулуш иштери менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий