• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жанат Бейшенов Транспорт министри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бейшенов Жанат Саматович транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Парламент Жанат Бейшеновдун талапкерлигин кечээ колдогон болчу.

Бейшенов 49 жашта. 1993-жылы Курулуш, транспорт жана архитектура институтун аяктаган, 2005-жылы Прагадагы экономикалык университетинен экономика илимдеринин доктору даражасын алган.

2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген.

2014-2015-жылдары премьер министрдин кеңешчиси, 2005-2007-жылдары Транспорт министринин орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, Калилов 2018-жылдын 15-декабрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

Пикир

Оставить комментарий