• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Транспорт министринин орун басары Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулуш иштери туурасында айтып берди

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу 3 фазага бөлүнүп курулууда. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, биринчи фазада Казарман - Жалал-Абад, Кызыл-Жылдыз – Арал участогу жана туннелди куруу. "Анын узундугу 125,9 чакырым, донор Кытай экспорттук-импорттук банкы. Туннелдин жалпы узундугу 3800 мерт болсо, анын 2800 метри бүттү. Курулуш иштеринин аягы 2021-жылга пландалууда. Экинчи фазада Арал – Казарман участогу жана 2 эстакадалык көпүрөнүн курулушу. Анын узундугу 99,23 км, келишим боюнча 2020-жылы курулуш иштери аяктайт. Кийинки Кызыл-Жылдыз - Башкууганды участогу. Ал 24 чакырымды түзөт, Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү банкы донор болууда. Бүтүрүү планы 2022-жыл. Үчүнчү фазадагы Эпкин – Башкууганды участогунун узундугу 69,7 км, донору Азия өнүктүрүү банкы. Аны 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. Ошондой эле Балыкчы жана Кочкор – Эпкин участогу. Узундугу 70,1 км, донору Азия өнүктүрүү банкы. Ал 2023-жыл бүтөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий