• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Транспорт министрлиги 2018-жылы жолдорду оңдоо иштерине дээрлик 2 млрд сом короткон

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Транспорт министрлиги 2018-жылы жолдорду оңдоо жана кароо иштерине дээрлик 2 млрд. сом короткон. Бул тууралуу Транспорт жан жолдор министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, 251 чакырым жол оңдоодон өткөн (план боюнча 226 чакырым болгон). Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду жолунун 56 чакырымы салынып, 14 көпүрө курулган.

"2018-жылы унаа жолдорун оңдоо жана кароо иштерине 1 млрд. 984,8 млн. сом каралган. 251 чакырым жол оңдоодон өттү", - деди Бейшенов.

Ошондой эле, ал, өлкө боюнча жолдордун узундугу дээрлик 34 миң чакырымга жетерин белгиледи. Анын ичинен 18 миң 871 чакырымын министрликтин жол кызматтары карайт.

Пикир

Оставить комментарий