• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Транспорт министрлиги 2022-жылга карата инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат берди

Экономика 0

Бишкек, 22.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Транспорт жана коммуникация министрлиги өлкөдөгү 2022-жылга карата инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат берди.

Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Корумду - Балбай Баатыр айылына чейин “Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү” фонду менен кредиттик макулдашууну ратификациялоо аяктады.

Бишкек - Ош унаа жолун Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу менен туташтыруу үчүн узундугу 79,6 чакырым болгон Арал - Суусамыр автожолун реконструкциялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалды. Бул долбоорду каржылоо маселеси боюнча “Евразия өнүктүрүү” банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү жолдун Балбай Баатыр - Каракол участогуна техникалык-экономикалык негиздеме түзүлүп, долбоорду ишке ашыруу боюнча “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү” банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун 105-199-чакырымдарын реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу максатында техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгып, “Араб координациялык тобунун” фондуна бул долбоорду кароого жана каржылоого жөнөтүлгөн.

Түп - Кеген автожолун реконструкциялоо үчүн курулуш компаниясын тандоо боюнча тендердик документация бекитилип, Дүйнөлүк банкка макулдашууга берилген, курулуш 2022-жылы башталат.

Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 122-чакырымында Үрмарал дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушун JICA аркылуу Япония өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен 2022-жылы баштоо пландалууда. Учурда мобилизациялоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий