• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Транспорт министрлиги аэропортко жакын жайгашкан мыйзамсыз обьектилерди талкуулашты

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлигинде аэропортко жакын жайгашкан мыйзамсыз обьектилер боюнча талкуу жүрдү.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышкан.

Анда аэропортторго жакын салынган мыйзамсыз курулуштар, обьектилерди алуу боюнча сөз болду.

Жыйындын соңунда катышуучулар тарабынан жумушчу топ түзүү сунушталды. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери кирип, эки ай аралыгында республикадагы бардык аэропорттордун башкы планына ылайык, жанындагы мыйзамсыз обьектилерди аныктап толук маалымат топтоп, ага жараша пландар түзүлөт.

Аткарылган иштердин жыйынтыгы менен өкмөткө тиешелүү сунуш киргизилет.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-январында Бишкекке жакын жайгашкан жерде авиа кырсык катталган. Гонконг-Бишкек-Стамбул маршруту менен учуп келаткан Boeing 747-412, учагы “Манас” аэропортуна коно албай, жакын жайгашкан Дача СУ айылына кулаган. Андан 39 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий