• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Транспорт министрлиги: Ашууларга жааган кар тазаланды. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары ашууларга жааган карды тазалашты. 9-апрель түнү жана 10-апрель эртең менен республиканын көпчүлүк ашууларында жана тоолуу аймактарда кар жаап, бороон-чапкын болгон. Жааган кардын калындыгы 20-25 см жетти, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нарын-Оруктам автожолунун 60-чакырымында кар көчкү түшкөн. Жолчулар 10-апрель күнү эртең менен жолду атайын техника менен тазалап, 2019-2020-жылга даярдалган инерттүү материалдарды себишти.

Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.

Пикир

Оставить комментарий