• 84.62
  • 102.96
  • 1.15

Транспорт министрлиги: Бизде кышында ашуулардагы абалды көзөмөлдөөгө жетиштүү техника бар

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында автотранспорттун үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыздоо үчүн жетиштүү деңгээлде муздан таюуга каршы материалдар жана атайын техника бар. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Мосдорстрой” компаниясы Бишкек-Ош унаа жолунун 61-129-чакырым аралыгын, башкача айтканда, Кара-Балтага кире бериштеги айланма жолдон Төө-Ашуунун түндүк тарабына чейин тейлөөдө. Ал жолдорду кармоо үчүн материалдарды жүктөп ташуучу 3 унааны, 2 грейдерди, 4 хово-самосвал, анын ичинен 2 кум себүүчү аппаратты колдонууда.

Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол-эксплуатациялык мекемеси Бишкек-Ош унаа жолунун 129,5-209-чакырым аралыгын тейлөөдө. Бул тилкелер Төө-Ашуунун түштүк тарабы, Суусамыр өрөөнү сыяктуу кооптуу тилкелер аркылуу өтөт.

№9 Жол-эксплуатациялык мекемеси кар жааган учурда карды тазалоо үчүн керектүү бардык техниканы жана 20 кызматкерди чыгарат. Алар кар көчкү жүрүү коркунучу бар тилкелерде смен менен 24 саат бою иштешет. Төө-Ашууда таюуга каршы материалдар, анын ичинде 90 тонна техникалык туз, 146 тонна шагыл-кум аралашмасы бар.

Ал эми № 23 Жол-эксплуатациялык мекемеси Ала-Бел ашуусундагы татаал тилкени кардан тазалайт. Анын балансында жетиштүү техника бар. №30 Жол-эксплуатациялык мекемеси Бишкек-Ош унаа жолундагы Көк-Бел ашуусун, №36 Жол-эксплуатациялык мекемеси Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолундагы, Өтмөктөгү ашуу тилкесин тейлейт.

“Транспорт жана жолдор министрлигинде ашуу тилкелерин кароо үчүн атайын техника жок деген маалыматтар чындыкка туура келбейт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий