• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлиги: Кызарт ашуусундагы жолдун ылай катмары тазаланууда

Аймак 0


Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Кызарт ашуусундагы жолдун ылай катмары тазаланууда, - деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, акыркы он күн ичинде жаан-чачындан улам, жолдун ашуу бөлүгүндө (Кызарт ашуусу) жүк ташуучу унаалардын көп агымынан жана дөңгөлөктөрдүн тайгалануусунан учурда жолдо ылай-баткак аралашып калган. Ылай катмарын тазалоо жана транспорттун өтүүсүн камсыз кылуу максатында айрым участкаларда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 26-нан 28-мартына чейинки аралыкта ашуу тилкесинде тыгындар пайда болду, бирок курулуш компаниясынын атайын техникасы тыгылып калган айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүп жатты.

Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан 2022-жылдын 29-мартынан 12-апрелине чейин саат 17:00дөн эртең мененки саат 09:00гө чейин жолдун бетиндеги катуу материалды алмаштыруу максатында жүк ташууга чектөө киргизилген. Бул жерге кошумча милиция жана МАИ кызматкерлери тартылып, айдоочуларга киргизилген чектөөнүн максаты тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда Кызарт ашуусунда бир бульдозер, эки грейдер, үч самосвал, бир экскаватор жана подрядчынын жумушчулары иштеп жатат. Калган участоктордо 2 грейдер, 2 самосвал, 5 жумушчу иштейт. Калктуу конуштарда жолдогу чаңды тазалоого (зарыл болуп калса) беш суу ташуучу атайын унаа алып келинген.

Пикир

Оставить комментарий