• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Транспорт министрлиги Маданият – Жалал-Абад жолундагы оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21 /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Маданият – Жалал-Абад тилкесинин 43 чакырымга жакын тилкесине асфальт-бетондун астыңкы катмары, ал эми 13 чакырымга жакынына үстүнкү катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда асфальттоо иштери уланууда.

Оңдоо иштеринин алкагында Бишкек – Ош автожолунун 4-фазасы, Маданият – Жалал-Абад тилкесиндеги 184 түтүктүн 127синде иштер бүткөрүлүп, 9 көпүрөнүн экөөсү реабилитацияланып, 5 көпүрөдө иштер жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, 2018-жылы КР Транспорт министрлиги менен «АзВирт» ЖЧКсы ортосунда курулуш иштери боюнча келишим түзүлүп, анда деталдык долбоорлоо, жер иштетүү, жол куруу, жаңы көпүрөлөрдү куруу жана эски көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, суу түтүктөрүнүн курулуш иштери камтылган. Тилкеге 150 адам жана 80 ири техникалар тартылган. Мындан тышкары, компания кубаттуулугу саатына 210 тонна асфальт-бетон заводун ишке киргизген.

“Аталган тилкеде оңдоо иштерининн бүтүшү менен Бишкек-Ош унаа жолунун Кочкор-Ата, Массы жана Базар-Коргон калкттуу конуштары аркылуу өткөн 67 чакырымында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу натыйжалуу болот. Долбоорду ишке ашыруу республикалык жана аймактык сооданы жеңилдетип, ошондой эле айылдык калктуу конуштардын базарларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, бул аймактын экономикалык өнүгүүсүн тездетет”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган тилкеде астыңкы катмары 9 см, үстүнкү катмары 6 см жалпы калыңдыгы 15 см болгон эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий