• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Транспорт министрлиги Ош-Бишкек-Исфана жолун реконструкциялоо долбоору боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Транспорт министрлигинен Ош-Бишкек-Исфана автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, 2020-жылдын 10-февралына карата «Ош-Бишкек-Исфана автожолунун 75-108-чакырымын реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш тилкесинде кээ бир курулуш иштер аткарылып, диаметри 1000 мм түзгөн дюкердик түтүктөр орнотулууда. Ошондой эле жаңы көпүрөнүн курулушу жүргүзүлүүдө, 78+342 км курулуш иштери 50 пайызга аткарылды.

Мындан тышкары, (98+896 км) каналда курулуш иштерин жыйынтыктоо пландалууда.

Жыйынтыкталган иштер үчүн куруучулар алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы (донор) тарабынан каражаттар өз убагында төлөнүп, бүгүнкү күндө эч кандай карыз жок.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 5-майында КР Транспорт жана жол министрлиги жана «АлкеИншаат СанайивеТижарет» компаниясы ортосунда курулуш иштери боюнча 18,2 млн АКШ долларлык келишимге кол коюлган.

«Спектрум Инжиниринг Консалтантс С.А.Р.Л.» (Ливан) консультациялык компаниясы тарабынан курулуш иштеринин сапаты жана анын жүрүшү боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө. Эгерде Консультант тарабынан курулушта кандайдыр бир кемчиликтер аныкталса, куруучу компания өз каражатына көйгөйдү чечүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий