• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Транспорт министрлиги тейлеген бардык унаа жолдордо каттамдар ачык

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/.Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо каттамдар ачык. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолчулар тарабынан курулуш жана ондоо иштерин улантылууда. Жол четтериндеги белгилер сырдалып, таштандылардан тазаланууда.

Казарман-Актал-Чат автожолунун Кара-Гөө ашуусунда, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун Сөөк ашуусунда жолду кенейтүү иштери аткарылууда.

«Учурда өлкөдө түзүлгөн абалда иштеп жаткан адистер санитардык нормаларды сактап иш алып барышууда, зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыздалышкан», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий